Хуситтер Израилдин соккусуна жооп кайтарды

Йемендин түндүгүн башкарган хуситтер Израилдин Йемендин батышындагы портторго жана электр станциясына жасаган соккусуна жооп иретинде Израилге 11 ракета жана учкучсуз учактар ​​менен кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар аталган кыймылдын билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.

Чабуул Бен-Гурион аэропортуна, Ашкелондогу электр станциясына жана Ашдод портуна жасалган. Ошондой эле сегиз учкучсуз учактын жардамы менен Умм-эль-Рашраш порту да бутага алынган.

Буга чейин Израил Йемендин Ходейда, Рас-Иса жана Ас-Салиф портторуна, ошондой эле Рас-Канатиб электр станциясына жана Galaxy Leader аттуу мурда басып алынган кемеге сокку урган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан