Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы “Атахан” автобазасында өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, темир контейнердин 27 чарчы метри жана атайын камдалган дизель майы күйүп кеткен.
Аталган өрт кырсыгы эрежелердин сакталбагандыгынан улам келип чыккан.