Бишкекте 9 жаштагы баланын ашказанынан чупа-чупстун таякчасы алынды

Бишкекте 9 жаштагы бала чупа-чупс жутуп алып, ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-июлда Эне жана баланы коргоо борборуна 9 жаштагы бала ичи ооруп жатканын айтып, кайрылган. Ал шаардык балдар ооруканасына жөнөтүлгөн.

Дарыгерлер анын ашказанынан чупа-чупстун таякчасын аныктап, гастроскопиянын жардамы менен ашказандан таякчаны чыгарып алышкан.

Баланын абалы канааттандырарлык, ал үйүнө чыгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан