NYT: АКШда жаңы партия түзүү Марска учууну уюштуруудан да кыйыныраак

АКШда демократтар жана республикачылар менен чыныгы атаандаша ала турган жаңы саясий партия түзүү Марска киши жиберүүдөн да кыйыныраак болушу мүмкүн. Бул тууралуу The New York Times (NYT) басылмасынын миллиардер Илон Масктын жаңы партия түзүү демилгесине болгон талдоо жүргүзүү макаласында айтылат.

Макалада белгиленгендей, бул өтө татаал жана кымбат процесс. Ал Марска учууну уюштурууга караганда кыйыныраак болушу мүмкүн. SpaceX аэрокосмостук компаниясын жетектеген Маск эки максатты тең ишке ашырууга аракет кылып жатат. Басылма бирок планеталар аралык саякат боюнча иштер жай жүрүп жатканы менен америкалык саясатчылардын акыркы он жылдыктардагы эки партиялуу системди бузуу аракети ийгиликтүү болгон жок деп белгилейт.

Басылма ошондой эле Масктын партия түзүү идеясын ишке ашыруу үчүн кандай кадамдар жасалышы керектиги тууралуу так чечимдер жок экенин жазат.

Эске салсак, 5-июлда Маск X социалдык түйүнүндө добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча саясий партия түзөөрүн жарыялаган. Добуш берүүгө 1 миллион 200 миңден ашуун социалдык тармактын колдонуучулары катышкан. Алардын жаңы партия түзүүгө 65,4 пайызы макул болгон. 6-июлда ишкер АКШнын Федералдык шайлоо комиссиясына (ФЭК) саясий партияны каттоого арыз берген. Патия "Америка партиясы" (AMEP) деп аталат.

Маск X социалдык түйүнүндө өзү түзө турган саясий партиясы АКШдагы президенттик шайлоодо талапкерлердин бирин колдорун билдирген. АКШ президенти Дональд Трамп миллиардердин саясий партия түзүү демилгесин сынга алып, аны "акылынан адашып калган" адам деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан