Иранда Израилдин соккуларынан каза болгондордун саны дагы өстү

Ирандын шейиттер жана ардагерлер фондунун төрагасы Саид Охади дүйшөмбү күнү Израилдин өлкө аймагына жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 1060ка жеткенин билдирди.

"Бүгүн кечке карата биз Израилдин Иранга жасаган чабуулунун натыйжасында каза болгон 1060 адамдын сөөгүн жерге бердик",- деген ал Ирандын мамлекеттик телеканалынын эфиринде.

Буга чейин Тегеран 935 адам набыт болгонун кабарлаган.

Эске салсак, 13-июнда Израил Иранга каршы аскердик операциясын баштаган. Анын максаты Тегерандын өзөктүк программасын жок кылуу болгон. Буга жооп иретинде Иран Израилге чабуул койгон.

22-июнда АКШ Ирандагы үч өзөктүк объектиге сокку урган. Иран буга да жооп кылып, Американын Жакынкы Чыгыштагы эң ири авиабазасы Катардагы Аль-Удейдге чабуул жасаган. Андан соң АКШ президенти Дональд Трамп эки өлкө ок атышууну токтотуу келишимине келишкенин жарыялаган. Ок атышпоо келишими 24-июндан тарта күчүнө кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан