Чүйдүн Ивановка айылында жол кырсыгы катталып, скутер айдаган жаран каза болду. Бул тууралуу облустук жол милициясы бүгүн, 8-июлда билдирди.
Маалым болгондой, кырсык 7-июлда катталган. Анда Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын 25 жаштагы айдоочусу күн чыгышты көздөй бара жатып, катуу ылдамдыкта карама-каршы келе жаткан скутер менен сүзүшүп калган.
Кырсыктын кесепетинен скутердин 36 жаштагы айдоочусу жеринде каза болгон. Ал эми Мерседес Бенцтеги 52 жаштагы жүргүнчү аймактык ооруканага жаткырылган.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.