Москва шаарында укук коргоо органдары мыйзамсыз мигранттарды аныктоо боюнча рейддерди өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда орус басылмалары жазышты.
Азырынча рейддер качан өткөрүлгөнү боюнча так маалымат жок.
Тергөөнүн комитети билдиргендей, алар Москвадагы хостелдерди жана намазканаларды "мыйзамсыз миграция каналдарын" табуу максатында текшеришкен. 500дөн ашык адам полицияга текшерүү үчүн жеткирилген.
Кирүү эрежелерин жана өлкөдө жүрүү тартибин бузган 30дан ашык адам Орусиядан чыгарылган. Рейд учурунда тергөөчүлөр федералдык издөөдө жүргөн бир адамды кармашкан.
5-июлда Орлов облусунда миграциялык мыйзамды бузгандардан 162 учур катталып, жалпы 204 мыйзам бузуулардын фактысы аныкталганы кабарланган. Орусиянын Ички иштер министрлиги жана башка министрликтердин кызматкерлери жашоочу аймактарда, курулуш аянтчаларында, транспортто жана тоок чарбасында рейддерди өткөрүшкөн.
Ал эми бүгүн, 8-июлда Тергөөнүн комитети Новосибирск шаарында мигранттар тарабынан ачылган кафени санитардык нормалардын жана коопсуздук талаптарынын бузулушу тууралуу кабарлардан кийин текшерүүнү баштаганы маалымдалды.