
Бүгүн, 8-июлда УКМК төрагасы
Камчыбек Ташиев Ошко болгон иш сапарынын алкагында шаардык төрөт үйүнүн айланасын оңдоп-түзөө, көрктөндүрүү иштерин да көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мында шаар мэри Жеңишбек Токторбаев төрөт үйүнүн айланасы жүз пайыз жаңыдан жасалгандыгын билдирди. Ал жерге ата-эне-бала эстелиги орнотулду, жолго толук асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар, тепкичтер салынып, курулуштар мрамор таштар менен кооздолду.
Ташиев шаар башчысына жасап жаткан жумуштары натыйжалуу жана үлгүлүү болгондуктан президенттин атынан унаа белекке берерин билдирди.