Якутияда XXII Манчаары оюндары башталды

Бүгүн, 8-июлда Саха Республикасынын борборунда "Манчаары оюндарынын" салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Якутиянын башчысы Айсен Николаевдин чакыруусу боюнча аземге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Байсалов оюндар улуттук күчтүн жана спорттук рухтун символу гана болбостон, Кыргызстан менен Орусия элдеринин ортосундагы боордоштук байланыштарды бекемдөө үчүн уникалдуу аянтча болуп калганын белгиледи.

Маалымат үчүн: Манчаары оюндары – Саха Республикасындагы (Якутия) улуттук спорттун түрлөрү боюнча эң ири спартакиада, 1990-жылдан бери өткөрүлүп келет. Оюндар төрт жылда бир өткөрүлүп, Якутиянын бардык райондорунан жана Орусиянын башка аймактарынан миңдеген спортчуларды бириктирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан