Орусияга жылдын аягына чейин Индиядан 1 миллион мигрант келет

Орусияга жогорку квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин толуктоо үчүн Индиядан 1 миллион эмгек мигранттарын тартуу пландалууда. Бул тууралуу Урал соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Андрей Беседин билдиргенин орус басылмалары жазышууда.

"Индиялык кесиптештеримден укканым боюнча, жыл аягына чейин Орусияга Индиядан 1 миллион адис келет. Екатеринбург шаарында бул мамлекеттин жаңы Башкы консулдугу ачылууда, ал ушул маселелер менен алектенет",- деп түшүндүрдү ал.

Анын айтымында, Орусияда өнөр жай ишканалары өндүрүш кубаттуулугун жогорулатууга муктаж, бирок бул аймакта жумушчу күчүнүн чоң тартыштыгы байкалууда.

Индиядан сырткары, Шри-Ланка жана Түндүк Корея менен да иш алып баруу каралууда. Бирок палатанын башчысынын айтымында, бул мамлекеттерден эмгек мигранттарын тартууда кыйынчылыктар болушу мүмкүн.

Жаңы жумушчулар негизинен металлургия жана машина куруу тармагына тартылат, бул тармактар жогорку квалификациялуу адистерге муктаж.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан