Президенттин администрациясы жана мамлекеттик органдар кагаздын ордуна электрондук документ жүгүртүүгө өтүштү. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Айтымында, электрондук документке өтүү убакытты үнөмдөп, чыгымдарды азайткан.
"2024-жылдын өзүндө эле мамлекет электрондук документ жүргүзүүдөн 1 миллиард 205 миллион сомдон ашык үнөмдөгөн.
Электрондук документ жүргүзүүнүн дагы бир артыкчылыгы - жетекчилик тараптан көзөмөл күчөйт. Ким жумушту кечиктирип жатат, ким документти кармап турат - баары системде көрүнүп турат. Мурдагыдай документтер папкага салынып, айлап столдун үстүндө кала бербейт, бюрократия да азаят",- деп жазды Орунбеков.