Париждин Апелляциялык соту президент Эммануэль Макрондун жубайы Брижит эркек болуп төрөлгөн деген билдирүүсү үчүн мурда соттолгон журналист Натача Рейди актады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Окуя 2021-жылдын декабрында, Натача Рей өзүн көз карандысыз журналист катары YouTube сайтына маалымат жайгаштырганда башталган. Видеодо ал Брижит чынында Жан-Мишель аттуу эркек киши экенин айткан. Бул видео тез арада интернетке тарап, жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде Франциядан тышкаркы өлкөлөрдө да тараган.
2024-жылдын сентябрында Париж соту эки аялга, анын ичинде Рейге жалаа жапкандыгы үчүн 13 500 евро айып салган. Кийинчерээк жогорку инстанция бул чечимди күчүндө калтырган.