Бразилиянын президенти Трамптын чарасына жооп болорун убада кылды

Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва башка мамлекет тарабынан киргизилген тарифтерге жооп болорун билдирди.

"Бул жагынан алганда, тарифтердин бир тараптуу көтөрүлүшү Бразилиянын Экономикалык өз ара мыйзамы менен жөнгө салынат",- деп жазган ал X социалдык тармагында.

Айта кетсек, Силва апрель айында Экономикалык өз ара мыйзамга кол койгон. Документ Бразилияга бир тараптуу чараларды көргөн өлкөлөрдөн импорттолуучу товарларга жооп тарифтерин киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп 1-августтан тарта бразилиялык товарларга 50 пайыз бажы салыгын киргизгенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан