Индонезияда Бутунг аралынан 63 жаштагы тургун жоголуп, бир жумадан бери издешкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ал иштегени кетип, дайынсыз жоголгон жаранды өткөн жумадан бери эч ким көргөн эмес. Жергиликтүү тургундар анын фермасынын жанынан семиз питонду көрүшкөн. Аны өлтүрүп, курсагын жарганда ичинен жоголгон киши табылган.