"Шереметьево" аэропортунда жерге ыргытылып жабыркаган наристе ооруканадан чыгарылды

"Шереметьеводо" бейтааныш адам баланы жерге ыргытканы эсиңиздеби? Ошол 2 жашар наристе Мохаммад ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

Маалыматка ылайык, бала тамак жеп, акырындан сүйлөй баштады. Эмоционалдык реакциялары калыбына келди. Ал оюнчуктарды ойноп баштады. Бала басып, колун эркин кыймылдатат.

Дарыгерлердин айтымында, бактыга жараша, бала бат эле айыгып жатат. Бирок толук айыгуунун конкреттүү датасы азырынча жок. Балага нейрондук байланыш түзүмдөрүн калыбына келтирүү үчүн терапия жүргүзүлдү, логопед анын жутуу функциясын калыбына келтирди.

Мохаммад реабилитациясынын алкагында активдүү басып, башка балдар менен баарлашып, логопедиялык сабактарга барышы керек. Мохаммад Рошал балдар борборунда 19 күн дарыланган.

11.07
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан