АКШнын Мамлекеттик департаменти кызматкерлердин санын болжол менен 15 пайызга кыскартууну көздөп, 1300дөн ашуун кызматкерин жумуштан кетиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, жалпысынан 3000ге жакын адам бөлүмдөн кетет. Ошондой эле ондогон кеңселерди жабуу жана бириктирүү, уюштуруу структурасын карап чыгуу пландалууда. Бул чаралар көптөн бери күтүлүп келген – март айында Мамлекеттик департамент Конгресске тиешелүү планды сунуштаган.
Президент Дональд Трамптын администрациясы оптималдаштыруу, кайталануучу функцияларды жок кылуу жана негизги милдеттерге көңүл буруу үчүн зарыл деп белгилейт.