Казакстандын Башкы прокуратурасы Орал шаарында кумар оюндарына катышкан 24 аткаминер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, алардын 16сы ээлеген кызматынан бошотулганын билдирди.
Казак басылмаларынын маалыматы боюнча, кеп шаардык акимчиликтин, мамлекеттик кирешелер департаментинин жана милициянын кызматкерлери жөнүндө болуп жатат. Алар букмекердик кеңселерге тыюу салынганына карабай акча коюп ойношкон.
"2024-жылдын 9-сентябрынан тарта мамлекеттик кызматкерлердин кумар оюндарына жана букмекерлик оюндарына, анын ичинде онлайн катышуусу коррупцияга каршы чектөөлөрдү бузуу катары классификацияланган. Аларды кароонун жыйынтыгы менен 24 кызмат адамы дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, анын ичинен 16 кызмат адамы ээлеген кызматынан бошотулган", — деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.
Акимчиликтин кызматкерлеринин бири оюн эсебин 34 миллион теңгеден ашырган. Өлкөдө тыюу салынгандан кийин дагы 1,7 миллион салып, 971 миң теңге уттуруп жиберген. Ал иштен бошотулду.