Үч миллион мигрант быйыл Ооганстанга чет өлкөдөн кайтып барышы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун Качкындар боюнча комиссариатынын башчысы Арафат Жамал билдиргенин чет элдик ЖМКлар билдиришүүдө.
Анын айтымында, кайтып баргандардын агымы гуманитардык кризис күчөп турган өлкөнү дагы да алсыратат.
Иран менен Пакистан жер которгон оогандыктар үчүн жаңы эрежелерди киргизген. Тегеран буга чейин Ирандагы төрт миллион ооганга 6-июлга чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө убакыт берген.
Кошумчалангандай, 1 миллион 600 миң качкын өз мекенине барды. Алардын басымдуу бөлүгүн Ирандан баргандар түзөт.