Чүй облусунун Токмок шаарында өспүрүмдөрдүн катышууунда массалык мушташ катталды. Бул тууралуу облус милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, милицияга 12-июлга караган түнү саат 00:19 чамасында Токмок шаарынын Победа көчөсүндө 30 чакты бала мушташып жаткандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Жерине барган укук корогоо кызматкерлери 24 адамды ички иштер бөлүмүнө жеткирди. Алардын 17си өспүрүм экендиги аныкталды.
14 өспүрүм балдардын ата-энесине Укук бузуулар кодексинин 74-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, өткөрүлүп берилди. Мушташуу фактысы аныкталган жок.