Бишкектеги Октябрь аскер комиссариатынын тосмосун жол тандабас сүзүп, айдоочу качып кетти.
Интернет желесине видео тарап жатат. Күбөлөр унаа катуу келип сүзүп алгандыгын айтышууда. Ошондой эле андан алыс эмес жолдо жөө адамдар өтүүчү жол чийими бар экендигин билдирип, жабыркагандар болбогондугун кошумчалады.
Патрулдук милициядан билдиришкендей, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Окуяга күбө болгондор ал мас абалында болушу мүмкүндүгүн айтышууда.
Унаа убактылуу токтоочу жайга киргизилди.