“Камалып калгандар болот”. Бишкекте толук бүтпөгөн үйдүн жашоочулары лифттин иштөөсүнө нааразы

Бишкектин Ленин районундагы Мукаш Абдраев 198/1 дарегиндеги көп кабаттуу батирлердин бириндеги лифт жашоочуларга кооптуулук жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда аталган даректеги үйдүн тургундары SUPER.KG порталынын “Элдик кабар” бөлүмүнө кайрылышты.

Алардын айтымында, лифт күн алыс бузулуп, ичинде камалып калган жарандар болот.

"Калк” курулуш компаниясы “Лифтэс” ЖЧКсын жалдап, ошолор лифт коюшкан. Ушул жылдын февраль айынан тарта колдонууга берилген. Бир күндө эки жолу бузулат. Бир күн бузулуп, эртеси иштесе мейли дейт элек. Бирок лифтке камалып калгандар болуп жатат. 9 подъезд бар. Баарында тең ушул көрүнүш. Жабылып калган лифтти ачып жатканда ал түшүп кетсе ким жооп берет? Сөзсүз кырсык болгондо аракет кылышабы? Түндө эле 3-подъезддин лифтинде кичинекей баласы менен камалып калган жаранды араң чыгардык. Элдин сабыры калбады. Сапатсыз, арзан лифт орнотушуптур. Аталган компания ай сайын лифт үчүн акы алат. Бирок адам камалып кала турган болсо, тиешелүү жардам көрсөтүшпөйт. Тургундар өздөрү эле өздөрүнө жардам берип келет", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле тургундар мамлекеттик экотехинспекция лифтти иштетүүгө макулдук бергенин, эч кандай текшерүү болбостон техникалык паспорттор берилип жатканын кошумчалашты.

Азырынча тиешелүү тарап бул билдирүүгө жооп бере элек.

Бишкекте толук бүтпөгөн үйдүн жашоочулары лифттин иштөөсүнө нааразы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан