
Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннелин иретке келтирүү министрликтин планында. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тендер жарыяланып, жумуштарды аткаруучу подрядчы компания аныкталды.
"Бүгүнкү күндө техникалар тартылып, капиталдык оңдоо иштерине даядыктар көрүлүп жатат. Учурда аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери жүргүзүлдү. Жол кыймылына ыңгайлуу шарт түзүү максатында 30-августка чейин тоннелдин эки тарабы тең иретке келтирилип, асфальт төшөө жумуштары толук бүткөрүлөрү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, коомчулук тарабынан жаандан кийин ал жерде унаа менен жүрүү оордук жаратып жаткандыгы боюнча кайрылуулар байма-бай чыгып жаткан.