Ошто футзал боюнча түштүк регионунун чемпиондугу өтүүдө

Ош шаарында футзал боюнча түштүк регионунун Жогорку жана Биринчи лига командаларынын ачык чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаары жана облусу боюнча Футзал федерациясынын вице-президенти Абдумалик Токтобаев билдирди.

"Турнир 5-январда Ош шаардык балдар жана өспүрүмдөр мектебинин имаратында башталган. Жогорку лигада 12, Биринчи лигада 10 команда катышууда. Оюндар ар жуманын ишемби, жекшемби күндөрү болуп жатат. Өткөрүлгөн үч турдан кийин "Биримдик”, "Ош ЖИА”, "Лион”, "Ош Бажы”, "Достук” командалары 9дан упай чогултуп, Жогорку лиганын турнирдик жадыбалынын көч башында баратат",- дейт Абдумалик Токтобаев.

Эскерте кетсек, өткөн жылы футзал боюнча түштүк регионунун чемпионатын "Ош Бажы” командасы уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан