Бишкекте мушташкандар камакка алынышты (видео)

Бишкек шаарында мушташкан жарандар камакка алынышты. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2 күн мурун, тагыраагы, 12-июлда болжол менен саат 21:27 чамасында "102" кызматына Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече адам мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге дароо милиция кызматкерлери барып, жагдайды тактап, коомдук тартипти бузууга тиешеси бар делген 36 жаштагы 3 кишини жана 28 жаштагы жигитти милиция бөлүмүнө жеткиришкен.

Натыйжада алардын ар бири Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча административдик жоопкерчиликке тартылып, тиешелүү протоколдор түзүлгөн жана Ленин РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


14.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан