"Челсинин" оюнчусу Коул Палмер АКШда өткөн футбол боюнча клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун мыкты оюнчусу аталды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайтында айтылат.
23 жаштагы англиялык футболчу турнирдеги 7 беттештин алтоосуна катышып, үч гол киргизип, эки голдук пас берген. Палмер турнирдин финалында ПСЖга каршы беттеште эки гол киргизе алды.
Айта кетсек, кечээ, 13-июлда болгон финалдык оюнда "Челси" ПСЖны 3:0 эсебинде утуп алды. Муну менен англиялык клуб тарыхта экинчи жолу ФИФАнын клубдар боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү болууда. Клуб 2021-жылы финалда Лондондун командасы "Палмейрасты" утуп алган.