Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 15-16-июль күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөрүн маалымдады.
Кабарлангандай, бул күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Андыктан ӨКМ арыктарды, сел каналдарын тазалап, кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзүү зарылдыгын эскертет.
"Тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуу сунушталат. Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз “112” кызматына билдириңиз! Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат",- деп билдирди министрликтен.