Кыргызстандын түндүк аймагында жаратылыш газына кайрадан чектөө киргизилди

Кыргызстандын түндүк аймагында жаратылыш газына кайрадан чектөө киргизилди. Бул тууралуу "Кыргызгаз" ААКсынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 13-декабрдан баштап жаратылыш газын берүү түндүк аймакта 30 миң метр кубга кыскарган. Мунун себеби Казакстандын түштүк аймагында жаратылыш газы дефицит болуп жаткандыгына жана Өзбекстан газга чектөө киргизгенге байланыштуу. "Бишкек шаары боюнча саатына 25,2 миң метр куб газ сарпталат. Кечээтен баштап Бишкек шаарындагы ЖЭБге газ берүү токтотулду",- деп билдиришти "Кыргызгаз" ААКсынан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан