Камерундун 92 жаштагы президенти кайрадан президенттикке талапкерлигин коюуну чечти

Камерундун президенти Поль Бийя социалдык тармактагы баракчасы аркылуу алдыдагы президенттик шайлоого катышарын билдирди. Ал билдирүүсүндө өлкөгө кызмат кылууну улантууга даяр экенин айтып, мамлекет алдында турган олуттуу кыйынчылыктарга көңүл бурду.

Поль Бийя 1982-жылдан бери президенттик кызматты аркалап келет. Учурда анын жашы 92де жана ал дүйнөдөгү эң узак убакыттан бери бийликте турган лидерлердин бири болуп саналат.

Камерундагы президенттик шайлоо 2025-жылдын 12-октябрына белгиленген. Шайлоо бир эле турда өтөт, эң көп добуш алган талапкер жеңүүчү деп табылат. Президенттин мөөнөтү жети жылды түзөт.

2008-жылы Бийя президенттик мөөнөткө коюлган чектөөнү алып салган, бул ага чексиз сандагы мөөнөттөргө кайра талапкер болууга мүмкүнчүлүк берет. Ал акыркы жолу 2018-жылы шайлоодо жеңишке жетишип, 71,28 пайыз добуш алган. Бирок оппозиция бул шайлоодо олуттуу мыйзам бузуу фактылары болгонун айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан