Жайыл районундагы жол кырсыгынан 4 адам жаракат алса, үчөө мерт кетти

Чүй облусунун Жайыл районунда 12-январь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 182-чакырымында жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 4 адам жаракат алып, үчөө мерт кетти. 7 орунду унаанын айдоочусу Таластан Бишкекке келе жатып, рулду башкара албай калган. Жолдон чыгып кеткенде 25 жаштагы айдоочу жана 2 жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон. 4 адам Райондук ооруканага жеткирилген. Дарыгер Манас Ахматов ооруканага келгендердин бири жардам алган соң үйүнө кеткенин айткан. Учурда 2 жигит жана 1 айым ооруканада дарыланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
qwert
2014-01-14 16:36:27
админ машинанын рулу кайсыл жагында экен ?

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан