Улуттук курама команданын убактылуу башкы машыктыруучусу дайындалды

Урмат Абдукаимов Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын убактылуу башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалым болгондой, мындай чечим Кыргыз футбол биримдиги учурда улуттук команданын жаңы башкы машыктыруучусун тыгыз издеп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Урмат Абдукаимов — АФКнын A, B жана C категориядагы лицензияларына ээ, тажрыйбалуу адис. Ал буга чейин улуттук курамада башкы машыктыруучунун жардамчысы болуп иштеген, учурда Премьер-Лиганын «Талант» клубунун башкы машыктыруучусу болуп саналат жана FIFA Talent Development Scheme долбоорунун алкагында аналитик катары да иш алып барган.

Эскерте кетсек, буга чейин бул кызматты аркалаган Максим Лисицын башкы машыктыруучулук кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан