Нөшөрлөгөн жаан АКШнын Нью-Йорк жана Нью-Жерси штаттарында суу ташкынына алып келгенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Катуу жаандан улам Нью-Йорк жана Нью-Жерси штаттарынын бир нече райондорунда өзгөчө кырдаал киргизилди. Нью-Йорктун бардык беш районунда сел коркунучу тууралуу шашылыш эскертүү берилди. Метро станцияларын суу каптап, каттамдар убактылуу токтотулду. Бир нече ири магистралдар да жабылды.
Аэропорттор да олуттуу зыянга учурап, учууга жана конууга чектөөлөрдү киргизилгени айтылууда.