Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз-Орусия "Славян" университетиндеги 12 студент окуудан чыгарылганын кабарлады.
Атайын кызмат аталган окуу жайда студенттерди бюджеттик окууга мыйзамсыз кабыл алуу аныкталганын белгиледи. Тагыраагы, университетке 2024-2025-окуу жылына кабыл алуу учурунда айрым студенттер сертификаты жок, ЖРТнын төмөнкү босого упайлары менен кабыл алынган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголгон.
УКМК учурда аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.