Орусиянын Кубань шаарында эркек киши кош бойлуу аялга кол салды. Ал изделип жатканын ИИМдин Краснодар крайы боюнча башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кол салган адам 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Орусиянын Краснодар крайы боюнча тергөө комитети маалымдагандай, социалдык тармактарда 13-июль күнү көчөдө мас абалындагы эки киши кош бойлуу аялдын жанына келип, таанышууну сунуштаган, аял макул болбой койгондо аны эркектердин бири бетке муштум менен урган.
Кылмыш иши козголуп, шектүү изделүүдө.