Ошто Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнүн асты тазаланып, иреттелүүдө (фото)

Ош шаарынын Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнүн асты тазаланып, иреттелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда шаардык мэриядан билдирди.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаарды кыдыруу учурунда Абдыкадыров көчөсүнүн эки тарабынан Токтогул эс алуу багына түшө берген тепкичтердин талкаланып, урап калганын жана Абдыкадыров көчөсүнүн асты таштандыга толуп, дараткана катары пайдаланып калганын көргөн. Ошондой эле жаман жыттар чыгып каралбай калганын байкап, тиешелүү кызматтарга тез аранын ичинде абалды жөнгө салууну тапшырган.
Ага ылайык аталган көчөнүн астындагы таштандылар жана керексиз буюмдар тиешелүү кызматтар тарабынан тазаланып алынып, жуулуп, учурда актап сырдалууда.
Аны менен бирге көпүрөнүн эки тарабынан жөө адамдар түшүүчү тепкичтер мэрдин тапшырмасына ылайык мрамор таштар менен жасалып, оңдолууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан