
Бишкек мэриясы билдиргендей, Т.Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү эртең, 16-июлдан тарта жабылат.
Билдирүүгө караганда, Т.Абдымомунов көчөсүнүн К.Акиев көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү жолду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабык болот.
Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана каттамды алдын ала пландап алууну сунуштайт.