Орусияда мигранттардын чет өлкөгө акча которуусуна чектөө киргизилиши мүмкүн

Орусияда мигранттарга расмий айлыгынан ашкан суммадагы акчаны чет өлкөгө которууга тыюу салуу сунушталды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Депутаттардын айтымында, учурдагы мыйзамдар мигранттардын чет өлкөгө которгон каражаттары менен алардын расмий кирешелеринин дал келүүсүн көзөмөлдөөнүн эффективдүү механизмдерин камтыбайт. Бул болсо мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга, салыктардан качууга жана капиталды өлкөдөн чыгарууга шарт түзүп жатат деп эсептешет.

Демилгенин авторлору мындай чаралар чет элдик жарандардын каржылык операцияларынын ачыктыгын жогорулатууга жардам берет деп эсептешет. Ошол себептен расмий тастыкталган айлыктан ашкан суммадагы эл аралык акча которууларга тыюу киргизүү сунушталууда. Ошондой эле эгер мигрант чет өлкөгө кирешесинен көп суммадагы акча которгусу келсе, анын легалдуу кирешесин тастыктаган декларацияны тапшыруу талабын коюу сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан