Кечээ, 15-июлда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жергиликтүү бюджеттен реконструкциялоодон өткөрүлгөн Исакулов жана Эркиндик көчөлөрүн ачты. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Шаар мэри аталган көчөлөр буга чейин тар жана тегиз эмес болуп, айдоочуларды бир топ түйшүккө салып келгенин, учурда аталган жолдор кеңейтилип, атайын унааларды токтотуучу жайлар да каралганын белгиледи.
Исакулов көчөсүнүн асфальт төшөлгөн бөлүгү 420 метр, туурасы 13,5 метрди түзөт. Ал эми Эркиндик көчөсүнүн кеңейтилип, асфальт төшөлгөн бөлүгү 210 метрди, туурасы 14 метрди түзөт.
Белгилей кетсек, аталган көчөлөргө асфальт төшөөдөн сырткары,, эки тарабына тротуар куруу, темир-бетон арык куурларын жаткыруу жумуштары да жүргүзүлдү. Курулуш иштерин жергиликтүү бюджеттен мэриянын жол башкармалыгы жүргүздү.