Ушул жылдын сентябрь айында Орусиянын Новосибирск шаарында "Кыргыз Республикасынын товарларынын жумалыгы" аттуу жарманке өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлайт.
Министрлик 4-5 күнгө созулган жарманкеге катышууга азык-түлүк өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды жана соода компанияларын чакырат.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге байланышса болот: +996 708 709 063 министрликтин экспорт жана интеграция боюнча бөлүмүнүн жетекчи адиси Жазгүл Султаналиева.