Ош шаарынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерине пара берүүгө аракет кылган делип 58 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Ош калаасынын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү милиция кызматкерине анын 39 жаштагы сиңдисинин экстремизмдин белгилери болгон материалдарды социалдык тармактарга жайылтып жаткандыгына байланыштуу жүрүп жаткан текшерүү иштерин токтотуу үчүн акча сунуштаган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада ал 12 миң сом берип жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.