15-23-июль күндөрү Бишкек шаарында футбол боюнча олимпиадалык курама командалар арасында (U-23) эл аралык футбол мелдеши өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, турнирге Кыргызстандын олимпиадалык (U-23) курама командасы жана Оман, Бахрейн, Сирия мамлекеттеринин курама командалары катышат.
Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада жана “Достук Арена” (Беш-Күңгөй айылы) футбол клубунун стадионунда өтөт.
Мелдеште беттештерден сырткары атайын байгелүү оюндар уюштурулат. Башкы байге катары чет өлкөгө жолдомо ойнотулат. Акысыз балмуздак таратылат. Аквагрим жана оюн-зоок зоналары, даамдуу тамактар менен фудкорт аянтчалары иштейт.
Беттештер концерттик программа менен коштолуп, Султан Садыралиев баштаган ырчылар өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Белгилей кетсек, мелдеш 1-9-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турган Азия Кубогунун тандоо туруна даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө. Анда Кыргызстандын U-23 курама командасы, E тайпасына Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка курамалары менен күч сынашат.
Мелдештин жүгүртмөсү:
• 17-июль – 20:00 Оман – Бахрейн (ФК “Достук Арена”);
20:00 Кыргызстан – Сирия (Д. Өмүрзаков атындагы башкы спорттук арена).
• 20-июль – 20:00 Сирия – Бахрейн (ФК “Достук Арена”);
20:00 Кыргызстан – Оман (Д. Өмүрзаков атындагы башкы спорттук арена).
• 23-июль – 20:00 Оман – Сирия (ФК “Достук Арена”);
20:00 Кыргызстан – Бахрейн (Д. Өмүрзаков атындагы башкы спорттук арена).