Курманбеков Нургазы Улукбекович Бишкек мэринин отун-энергетика комплекси маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
2002-жылдан бери Нургазы Курманбеков Электр станциялары ААК филиалында – Бишкек Жылуулук электр борборунда (учурда Бишкек жылуулук электро борбору МИсинде) негизги кызматтарды аркалап, жылуулук энергетика тармагында олуттуу тажрыйбага ээ болгон. 2024-жылдын 24-июнунан ушул күнгө чейин Бишкек жылуулук электр борбору муниципалдык ишканасынын директору болуп иштеген.
Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Курманбековду бул кызматка дайындоодо биринчи кезектеги милдеттерди белгилеп, соңку окуялардан улам иш жүргүзүүдө мыйзамды жана ачык-айкындуулук принциптерин так сактоо зарылдыгын белгиледи.
"Иш мыйзам чегинде гана жүргүзүлүшү керек. Мыйзам бузуулар болгон учурда мурдагы жетишкендиктер жоопкерчиликтен качууга жардам бербейт", - деди мэр.
Бишкек жылуулук электр борбору муниципалдык ишканасына да жаңы жетекчи болуп Кулжигачев Нурлан Турсунбекович дайындалды. Буга чейин ал Бишкек Жылуулук электр борборундагы ишенимдүүлүк жана коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.