АКШда катуу жааган жамгырдан улам көчөлөрдү сел каптады (видео) 

АКШнын Чыгыш жээгине катуу жааган жаандан улам көчөлөрдү суу каптап, айдоочулар унааларын таштап качууга аргасыз болушту. Бул тууралуу NBC News маалымдады.

Үч штатты камтыган аймак катуу жабыркап, Нью-Жерси штатынын губернатору Фил Мерфи өзгөчө кырдаал жарыялады. Куткаруу кызматтары жергиликтүү унааларды мобилизациялап, суу алдында калган адамдарды куткарышты. Ошондой эле көптөгөн аба каттамдары токтотулду.

Виржиниянын борбордук жана чыгыш бөлүгүндө, ошондой эле Мэриленд штатындагы төмөнкү райондордо өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Ошол эле учурда Флоридадагы Тампа шаарынын чыгышындагы Плант-Сити шаарында болгону үч сааттын ичинде 10 дюймдан ашык (≈254 милиметр) жаан жаап, бул соңку 1000 жылда катталган эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири катары белгиленди.

Учурда Техастын борбордук бөлүгүндө, чыгыш Оклахомада, Арканзас, Виржиния жана Түндүк Каролинанын айрым райондорунда 12 миллионго жакын адам суу ташкыны коркунучунун алдында турат.

суу ташкыны
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан