Атактуу футболчу Ямал алгачкы ирет Месси менен түшкөн сүрөтү тууралуу пикирин билдирди

«Барселонанын» оюнчусу Ламин Ямал кичинекей кезиндеги белгилүү сүрөттөр тууралуу комментарий берди. Сүрөттө «Барсанын» мурдагы чабуулчусу, азыр «Интер Майамиде» ойноп жаткан Лионель Месси аны сууга салып, колуна кармап турганы тартылган.

«Месси мени колуна көтөрүп турганын көрүп таң калдым... Ал учурда эмне кылып жатканымды билбейм, бирок тарыхтагы эң мыкты футболчу менен чогуу түшкөн сүрөтүм бар экени мени аябай кубантат», — деп билдирген Ямал.

Эскерте кетсек, 2008-жылы «Барселона» клубу оюнчулары түшкөн сүрөттөрдү бөлүшкөн. Андагы сүрөттөрдүн биринде Месси беш айлык ымыркайды жуундуруп жатканы тартылган.

Быйыл, 13-июлда Ямал 18 жашка толду. Ал «Барселонанын» негизги командасында 2023-жылдан бери ойнойт. Клуб менен бирге Испания чемпионатын эки жолу, ошондой эле Суперкубокту утуп алган. Мындан тышкары, Ламин Ямал Испания курамасы менен бирге Евро-2024 турниринин жеңүүчүсү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан