Украинанын Жогорку Радасында депутаттар Алексей Гончаренко менен салык комитетинин башчысы Даниил Гетманцев мушташа кетишкенин чет элдик басылмалар жазышты.
Чыр кечээ, 16-июлда соя өстүргөн дыйкандарга салык киргизүүнү сунуштап, бирок ири соодагерлерди андан бошоткон мыйзам долбоорунан улам чыкканы айтылууда. Алардын жаңжалы кесиптештеринин кийгишүүсү менен токтотулган.