Франциянын Лилль шаарындагы Жанна де Фландр ооруканасынын төрөт бөлүмүндө алты жашар бала жаңы төрөлгөн ымыркайдын өлүмүнө себепкер болду. Бул тууралуу медициналык мекеменин билдирүүсүнө таянып BFM TV билдирди.
Алдын ала аныкталгандай, жети айлык ара төрөлгөн ымыркай алты жашар бала көтөргөндөн кийин чарчап калган. Бала аны колунан түшүрүп алган. Ал бала менен ымыркайдын апасы бир бөлмөдө жаткан. Бала ымыркайды көтөргөн убакта апасы дарыгерге кеткен. Ымыркай эс-учун жоготкон абалда жандандыруу бөлүмүнө түшүп, дарыгерлер баланын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
"Бул каргашалуу окуя Лилль университетинин ооруканасынын кызматкерлерине ошондой эле башка үй-бүлөлөргө катуу таасир этти",- деп баса белгиленет расмий билдирүүдө.
Каза болгон кыздын ата-энесине, жакындарына, медицина кызматкерлерине психологиялык колдоо көрсөтүлдү.