Ала-Бука районунда милиция кызматкерлери тарабынан түнкү саат 22:00 дөн кийинки убакытта ата-энесинин коштоосу жок, максатсыз көчөдө жүргөн өспүрүмдөргө карата алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чаранын максаты - өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана аларды ар кандай кылмыштардын кесепеттеринен сактоо, ошондой эле дайынсыз жоголууларды болтурбоо болуп саналат.