Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын башчысы А.А. жана райондук текшерүү бөлүмүнүн башчысы М.М. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар системдүү түрдө пара алып келишкен деп шектелишүүдө. Аталган кызматкерлер өздөрүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, кыска мөөнөттүн ичинде жеке ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн.
Атайын кызмат шектүүлөр кирешелерди азайтуу жана чыгашаларды көбөйтүү максатында бухгалтердик документтерди бурмалоого көмөктөшүшкөнүн белгиледи. Кармалгандар иш аракеттери менен мамлекеттин кызыкчылыктарына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен.
Учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларын аныктоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү тергөө иштери уланууда.