Маркум кат калтырып кеткен. Жалал-Абадда жоокер жанын кыйган окуянын чоо-жайы айтылды
Буга чейин Жалал-Абадда ЖАМКнын Күзөт жана коштоо департаментинин аскердик милдетин өтөп жаткан жоокери өз жанын кыйганы маалымдалган. Акыйкатчы институту ал аскер бөлүктө мониторинг жүргүзүлгөнүн билдирди.
Маалым болгондой, №5 аскер бөлүгү Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында жайгашкан. Анда 30 аскер кызматкери жана 90 жоокер кызмат өтөйт.
Аскер бөлүктүн маалыматына ылайык, 16-июль саат 5:30да 20 жаштагы (Кочкор районунда туулган) жоокер асынып турган абалда командирдин кабинетинен табылды. Ал өзүнүн куру менен жылытуу системасынын түтүгүнө асынып алган. Ал түнү маркум прапорщик И.Ж.А. менен бирге нөөмөттө болгон.
Чогуу кызмат өтөгөн жоокерлердин айтымында, алар шашки ойноп, андан кийин маркум жоокер газондорго коюлуп жаткан сууну текшерүүгө кеткен. Жарым сааттан кийин аны асынып турган абалда табышкан.
Маркум кат калтырып кеткен. Бирок Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү аны менен тааныша алышкан жок, анткени Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Батальондун командири А.Д.У.нун айтымында, маркум катында аны менен чогуу кызмат өтөгөн жоокер тарабынан психологиялык кысымга кабылганын жазган.
Маркум ушул жылдын 21-апрелинен баштап кызмат өтөгөн. Батальондун командиринин маалыматында, жоокер аскер бөлүгүнө түшкөндө психолог ага көз салып турууну сунуштаган. Андыктан командир аны радист кылып дайындап, өзүнүн кабылдамасына отургузган.
Аскер бөлүгүндөгү жоокерлердин пикиринде, жоокер үч айлык кызматынын ичинде тынч жүрүп, эч ким менен чатакташкан эмес, аз сүйлөп, физикалык жактан чың болчу. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, анын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери табылган жок. Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүдө.
Жамиля Жаманбаева Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигин мындай окуялардын алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө чакырат.