Ирактын Эль-Кут шаарындагы соода борборунан өрт чыгып, бир нече адам каза болду. INA агенттигинин маалыматына караганда, кырсыктын кесепетинен 63 адам набыт болуп, дагы 40 киши жаракат алган.
Васит провинциясынын губернатору Мухаммед Жамиль аль-Майхи үч күндүк аза күтүү жарыялады. "Бул окуя шектүү жагдайларда болгон. Жооптуу адамдарга карата эч кандай кечирим болбойт",- деп билдирди губернатор.
Губернатор 24 саат ичинде алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланат деп убада кылды. Учурда имараттын ээсине, гипермаркеттин кожоюнуна жана башка адамдарга карата кылмыш иши козголгон.