Арзыбек Кожошев: «Энергетикалык өтүү шарттарындагы ЕАЭБ энергетикасы: чакырыктар жана артыкчылыктар»

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев БУУнун штаб-квартирасында «Энергетикага өтүү контекстинде ЕАЭБдин энергетика сектору: чакырыктар жана артыкчылыктар» аттуу баяндамасы менен чыгып сүйлөдү.

Министрдин кайрылуусу БУУнун Туруктуу өнүктүрүү боюнча Жогорку деңгээлдеги Саясий форумунун (ПФВУ-2025) алкагында өткөн «Глобалдык Түштүктө энергетикалык өтүүнү тездетүү: туруктуу экономикалык өсүштү жана стратегиялык өнөктөштүктөрдү илгерилетүү» иш-чарасына катышты.

Өз сөзүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) министри 2017-жылдан баштап дүйнө төртүнчү энергетикалык өтүү баскычына кадам таштаганын белгиледи. Бул баскычта жаңылануучу энергия булактарынын өнүгүүсү, санариптештирүү, кубаттуулукту үнөмдөөчү технологиялар жана көмүр кычкыл газын кыскартуу процесстери күч алууда. Мындай шартта салттуу жана жаңылануучу кубат булактарын тең салмакта өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ. Министрдин айтымында, дал ушундай мамиле улуттук жана глобалдык энергетикалык коопсуздукту камсыз кыла алат.

Министр ошондой эле ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн энергетикалык потенциалы жогору экенине токтолуп, Бирлик дүйнөлүк газ запастарына 20 пайыз, көмүр запастарына 20 пайыз, мунай запастарына 7 пайыз жана дүйнөлүк электр энергиясынын 5 пайыз өндүрүшүнө ээ экенин белгиледи.

Баяндамада интеграциялык демилгелерге өзгөчө көңүл бурулуп, жалпы электр энергиясынын, газдын, мунай жана мунайзаттардын рынокторун түзүү, чек ара аралык инфраструктураны өнүктүрүү жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн климаттык саясатын координациялоо багыттары баса белгиленди. Ошондой эле эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү жана биргелешкен долбоорлорго ачык болуу артыкчылыктуу багыттар катары көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан